Ссылки доступа

Түркмөнбашы шаарында президенттин уулунун сапарынын алдында "ишеничсиз" жарандар кармалууда


Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында президенттин уулу, вице-премьер Сердар Бердымухамедовдун сапарынын алдында "ишеничсиз" жарандар кармалып, алар менен тарбиялык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, "ишеничсиз" адамдардын катарына кечки саат ондон кийин көчөдө жүргөндөрдүн дээрлик бардыгы киргизилүүдө.

"Кечки саат ондон кийин көчөдө жүргөндөрдүн баарын кармап жатышат. Аялдарды сойкулук, ал эми эркектерди уурулук же башка каалаган шектенүүлөр боюнча суракка алып жатышат. Эгер кармалгандардын жанында алкоголдук ичимдиктер табылса, беш суткага камакка алууда", – деп билдирди булак.

Сердар Бердымухамедовдун Түркмөнбашына качан барары айтылган жок. Бирок жергиликтүү бийлик шаарды көрктөндүрүү жана көчөдөгү ит-мышыктарды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда. Булактын айтымында, коммуналдык кызматтардын өкүлдөрүнө атылган бир мышык үчүн 5 манат (1,4 доллар), ит үчүн 50 манат (14,3 доллар) убадаланган.

"Айрым кызматкерлер убадаланган акчаны алуу үчүн шаардан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан айылга барып жатышат. Кечээ алардын бири 5 иттин жана 12 мышыктын өлүгүн алып келип тапшырды", – деди булак.

Быйыл августта президенттин жарлыгы менен Сердар Бердымухамедов курамына Түркмөнбашы шаары кирген Балкан облусу үчүн жооптуу болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG