CNN телеканалы коомчулук менен уюштурган Балтимордогу кечеде Байденге Тайван Кытайдын кол салуусуна кабылса, коргоо болобу деген суроо берилген. "Ооба, АКШнын муну жасоого милдеттенмеси бар", - деген Байден.
Соңку апталарда Бээжин ондогон аскер учактарын Тайвандын абадан коргонуу боюнча таанытым зонасына жөнөтүүдө. Кытай лидери Си Цзиньпин Кытай менен Тайвандын "кайра биригүүсүн" акыры боло турган окуя деп атады.
Байден Кытай менен кансыз согуш жарыялоого ниети жок экенин белгиледи. Ошол эле маалда кырдаалдын кокустан курчуп кетиши аны тынчсыздандырып жатканын айтты.