Ссылки доступа

ЖККУ тажик-ооган чек арасына жакын жерде үчүнчү машыгуусун аяктады


Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү тажик-ооган чек арасына чукул жерде контртеррордук машыгуусун өткөрдү.

Машыгуунун алкагында Тажикстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн Aero L-39 үлгүсүндөгү эки учагы Ооганстан менен 20 чакырым аралыктагы Харб-Майдон полигонунун үстүндө абадан чалгындоо жүргүздү.

Машыгууга тажикстандык чек арачылар, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн атайын бөлүктөрү катышты.

“Бул машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттерди кандай гана террордук коркунучтардан болбосун сактоого багытталган”, - деп билдирди Орусиянын Борборду аскердик округунун кол башчысы, генерал-полковник Александр Лапин.

Бул ооган-тажик чек арасына жакын жерде өтүп жаткан ЖККУнун үчүнчү машыгуусу болуп эсептелет. Төртүнчү машыгуу ноябрга белгиленди. Бул тууралуу ЖККУнун расмий өкүлү Владимир Зайнетдинов билдирди.

Ага төрт миңдей аскер жана 500 атайын техника тартылат. Иш-чара чек арага жакын жердеги Тажикстандын Харбмайдон жана Момирак полигондорунда өтөт.

17-августта Орусия менен Тажикстан ооган чегине чукул аймакта бир нече айлык аскердик машыгууларды баштаган. Бир апта мурун орус, тажик жана өзбек жоокерлеринин биргелешкен окуусу аяктаган. Сентябрдын башында ЕККУга кирген мүчөлөрдүн миңдеген жоокери Кыргызстандагы машыгууларга катышкан.

Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү чек арадагы коркунучтар менен качкындардын агымынан чочулоодо.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG