Ссылки доступа

Кабулда ачкадан чарчап калган сегиз баланын сөөгү табылды


Этностук хазарлардын саясий лидери жана ооган парламентинин мурдагы депутаты Кабулдун батыш тарабында ачкадан чарчап калган сегиз жетим баланын сөөгү табылганын билдирди.

Мухаммад Мохакик 24-октябрда Facebook баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө балдар Кабулдун 13-кварталынын айланасында үч жума мурун чарчап калганын жазды. Анын айтымында, балдардын сөөгүн жергиликтүү молдо жана райондун тургундары жерге беришкен.

Мухаммад Али Бамиани аттуу жергиликтүү молдо балдардын өлүмү боюнча кеңири маалымат берип, улуусу сегиз жашта, кичүүсү бир жарым жашар наристе экенин айтты.

"Алардын ата-энеси экөө тең каза болгон жана жакын туугандары жок болчу. Алар аябай ачка болуп, бүрүшүп калган", - деди.

Талиб өкмөтү Ооганстанда каза болгондор тууралуу комментарий бере элек.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) эгер гуманитардык жардам тез арада берилбесе, оогандар массалык ачарчылыкка дуушар болорун эскерткен.

БУУнун агенттиктери кыш жакындап калгандыктан, 18 миллиондой оогандык тамак-ашка жана баш калкалай турган жайга муктаж экенин билдирген. Эл аралык жардамды жеткирүү август айында талибдер бийликти басып алгандан бери дээрлик токтоп калган.

Буга чейин БУУ оогандыктар азык-түлүк кризисине туш болуп, ачарчылык алдында турганын эскерткен. Уюмдун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс талибдер Кабулда бийликти басып алган соң токтотулган каржылык агым жандандырылбаса, өлкө экономикасы кыйрашы мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG