Ссылки доступа

Казакстанда улуттук духту калыптандырууга 280 млн доллар коротуу пландалууда (видео)


Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өлкөнүн улуттук духун калыптандырууга дем бере турган "Улуттук руханий жаңыруу" долбоорун сунуштады.

Анын алкагында казак тилин күнүмдүк тиричиликтен чыгарып, илим жана бизнестин тили катары калыптандыруу, жергиликтүү маданиятты Казакстандан башка өлкөлөрдө да кеңири жайылтуу сунушталууда.

Министр Аида Балаева бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен 280 миллион доллар талап кылынарын айтты.

Катардагы казакстандыктар долбоорду баалаган жок. Алардын реакцияларына караганда, кабатыр кылган маселелердин арасында улуттук духту калыптандыруу арткы орунда турат: расмий статистика боюнча казакстандыктар кирешесинин жарымынан көбүн тамак-ашка жумшашат.

Буга чейинки "Руханий Жаңылануу" долбоору мамлекеттик программа катары бекитилген эмес. Ага карабай, программага дээрлик эки жарым миллион доллар коротулган. "Укуктук медиа-борбордун" директору Диана Окремова казакстандык аткаминерлер буга чейин да ишке ашуусу күмөн жараткан долбоорлор үчүн миллиондогон каражатты коротуп келишкенин белгилейт.

"Менимче, мындай түшүнүксүз туюндурмалар – бюджеттик каражатты коромжуга учуратуу жана уурдоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк", –деп белгиледи ал.

Долбоордун расмий бет ачарында "улуттук духту калыптандыруу" программасын өкмөт бекиткени айтылган.

Казах казаху – друг, товарищ и брат... на ринге
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
XS
SM
MD
LG