Ссылки доступа

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын берүүнү улантууда


Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүүнү "бир саатка да" токтоткон эмес жана "толук көлөмдө берүүнү улантууда". Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков билдирди.

Ал Ооганстандын талибдер түзгөн убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү Өзбекстанга электр энергиясы үчүн болгон карызын толук төлөп берүү милдеттенмесин алганын белгиледи.

"Биз бул маселени талкууладык. Ага "Ооганстандын электр түйүндөрү" компаниясынын жана убактылуу өкмөттүн энергетика тармагына жооп бере турган өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында Кабул убактылуу өкмөттүн таанылышы жана банк системасынын иштей башташы өңдүү маселелер чечилгенден кийин дароо бардык карызын төлөйт деген макулдашууга келдик. Бирок буга карабастан биз бул өлкөгө электр энергиясын жеткирүүнү улантып жатабыз", - деди Умурзаков.

Ал Ташкенттин бул чечимин "оор учурда бир тууган ооган элине жардам берүү" аракети деп атады.

Мурдараак Ооганстандын DABS аттуу энергетикалык корпорациясы электр жарыгы үчүн коңшу өлкөлөргө болгон карызын жабууга жардам берүү өтүнүчү менен БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясына (UNAMA) кайрылып, 90 миллион доллар сураганы белгилүү болгон.

Ага чейин Ооганстан электр энергиясы үчүн Иранга 25 миллион доллар, Тажикстанга 11,2 миллион доллар, Өзбекстанга 9,9 миллион доллар жана Түркмөнстанга 5,1 миллион доллар карыз экени кабарланган.

XS
SM
MD
LG