Ссылки доступа

Суданда аскердик төңкөрүш аракети жүрүүдө, премьер-министр камалды


Көптөгөн билдирүүлөргө караганда, Суданда аскердик төңкөрүш аракети жүрүүдө.

Араб жана батыш басылмалары аскерлер министрлердин көбүн, анын ичинде өкмөт башчы Абдалла Хамдукту, мындан тышкары бир нече провинциянын губернаторлорун, саясатчыларды камакка алганын жазып жатышат.

Аскерлер баш кеңсеси Омдурман шаарында жайгашкан мамлекеттик телерадио компаниясын да басып алышты.

Өлкөдө интернет үзгүлтүк менен иштеп жатат.

Премьердин атынан демократиянын жактоочуларына кайрылуу тарап, төңкөрүшкө каршы чыгууга чакырык жасалды. Хартума шаарынын көчөлөрүндө дөңгөлөктөрдөн тосмолор пайда боло баштады.

Аскерлер азырынча расмий билдирүү тарата элек.

АКШнын Мамлекеттик департаменти аскердик төңкөрүш аракетин сынга алып, Американын Суданга берген жардамы текке кетерин билдирди.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG