"АКШнын бийлиги Тажикстандагы ооган ички аскер күчтөрүнүн бардык учкучун чыгарып кетүүнү пландап жатат", — деп билдирген Мамлекеттик департаменттин аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү Reuters агенттигине. Ошол эле маалда ал бул пландын чоо-жайын айтуудан баш тарткан.
15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин Тажикстанга качып келген 143 ооган учкучу алгач мамлекеттик университеттердин биринин жатаканасына жайгаштырылып, көп өтпөй тоолуу райондогу санаторийге которулган. Учкучтар АКШ аларды алып кетип, качкын макамын берет деп үмүттөнүшкөн.
Талибдер Тажикстандын аймагына өтүп кеткен ооган учкучтары өлкөгө кайтып келсе, репрессияларга кабылбай турганын билдиришкен. Бирок учкучтардын көбү мындай убадаларга ишенбей турушат.