Ссылки доступа

Нур-Султанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар нааразылык акциясына чыгышты (видео)


25-октябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген ондон ашык адам Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келгенин айткан акция катышуучулары майып адамдарды социалдык жактан коргоону күчөтүүнү жана алардын турак жай маселелерин чечип берүүнү талап кылышты.

Түндүк Казакстан облусунан келген Нурлан Смагулов эмгекке жараксыз деп табылганын, майыптыгы үчүн алган 65 миң теңге (150 доллар) өлчөмүндөгү жөлөк пул жашоосуна жетпей жатканын билдирди.

— Жөлөк пул жогорулатылышы керек, анткени күн сайын азык-түлүк кымбаттап жатат. Турак жай алуу үчүн алты жылдан бери кезекте турам, бирок биздин райондо 30 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үй курулбай келет. Ошондуктан мага кезек эч качан жетпейт деп эсептейм, — деди ал.

Министрликтин алдына келген шаар акимчилигинин расмий өкүлү бул акция “мыйзамсыз” экенин билдирди. Өз кезегинде чогулгандар митинг тууралуу акимчиликке бир жума мурда билдирүү жөнөтүлгөнүн, бирок эч кандай жооп болбогонун айтышты.

Чогулгандар менен жолуккан эмгек министринин кеңешчиси Чингизбек Султанбеков алардын маселелери индивидуалдык түрдө караларын айтып, имараттын ичине кирүүгө чакырды. Бирок бул сунуштан баш тарткан акция катышуучулары мындай убадаларды май айынан бери угуп келишкенин айтып, министрдин өзүнүн чыгышын талап кылышты.

Нур-Султан шаарында буга чейин да мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык коргоону күчөтүү талабы менен бир нече жолу акциялар өткөн. Июнь айында митингге чыккан адамдар БУУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, майыптарды колдоо тармагындагы мамлекеттик саясатты айыптаган петиция тапшырышкан.

XS
SM
MD
LG