Ссылки доступа

Мирзиёев добуштардын 80,1% алып, экинчи мөөнөткө шайланды


Өзбекстанда жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев жеңишке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президент жалпы добуштардын 80,1% алды.

Расмий маалыматка ылайык, "Элдик демократиялык партиядан " Максуда Варисова добуштардын 6,6%, "Улуттук кайра жаралуу партиясынын" лидери Алишер Кодиров 5,5%, "Экологиялык партиядан" Назрулло Обломурадов 4,1%, "Адилет" партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% алды.

БШК билдиргендей, добуш берүүгө 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8% катышты.

Өзбек оппозициясы шайлоодо чыныгы атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилбегенин, "жасалма шайлоо" болгонун белгилеп жатат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары шайлоо тынч өткөнү менен "чыныгы атаандаштык болбогонун" билдиришти.

XS
SM
MD
LG