Ссылки доступа

Түркияда кармалган түркмөнстандык активист ачкачылык жарыялады


Түркмөн активисттеринин акциясы. Нью-Йорк шаары, 30-сентябрь 2021-жыл
Түркмөн активисттеринин акциясы. Нью-Йорк шаары, 30-сентябрь 2021-жыл

Түркияда кармалган түркмөн активисти Ахмет Рахманов Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун "коомчулукка каршы саясатына" нааразылык катары 22-октябрда ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Түркмөн-Хельсинки фонду кабарлады.

"Эл аралык коомчулук Түркмөнстандагы жана анын сыртындагы түркмөндөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл бурат деп үмүттөнөм", - деп билдирген Рахманов аталган фонддун кызматкерине.

Маалыматка караганда, Рахманов ачкачылык жарыялаган күнү анын бул акциясына депортациялык борбордогу башка адамдар да кошулган. Анда негизинен документтеринин мөөнөтү бүтүп калган түркмөнстандыктар кармалып турат.

"Кечке жакын борбордун жетекчилиги айдын аягына чейин кармалгандардын баарынын маселесин чечип берүүнү убадалагандан кийин көбү тамак иче баштаган. Андан бери Ахмет Рахманов гана акциясын улантып жатат. Бүгүн төрт күн болду. Жанындагылар аны жок дегенде суу ичүүгө көндүрүүгө аракет кылып жатышат", деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Açyk Söhbet: Türkiýedäki türkmenistanlylar we pasport meselesi
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:16:53 0:00

Рахманов 18-октябрда Анталияда кармалган. Ал "Түркмөнстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынын администратору болгон. Кармалганга чейин Интернетте түркмөн өкмөтүн ачык сындап келген.

Акыркы кездери Түркиядагы түркмөн активисттерине кол салган учурлар көп каттала баштады. Эл аралык укук коргоо уюмдары өлкөдө адам укуктары одоно бузулуп жатканы үчүн түркмөн өкмөтүн дайыма сындап келишет.

XS
SM
MD
LG