Ссылки доступа

Казакстандын бийлиги "сбер-санариптештирүү" тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантууда


Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусин парламент мажилисинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү системаларын Орусиянын Сбер платформасына көчүрүү тууралуу маалымат берди.

— Алар [Орусия] ракеталарды куруп, Яндексти, Mail.ru’ну түзүштү. Казакстандык сервистер мындай деңгээлге жете элек. Сбер алдыңкы технологияларга ээ жана бизге баштапкы коддорун берүүгө даяр, — деди министр парламент жыйынынан кийин журналисттерге маек берип жатып.

Ал Орусия казакстандыктар тууралуу маалыматтарды албай турганын, мында эч кандай саясат жок экенин белгиледи.

— Биз мамлекетти эмес, технологияларды тандадык. Facebook’тун, Google’дун деңгээлиндеги платформаларды да караганбыз. Бирок алар бизге коддорду беришпейт, ошондуктан Сберди тандадык. Кытай компаниялары да коддорду берүүгө даяр болчу, бирок талаптары өтө катаал болгондуктан баш тарттык, — деди Мусин. Ал Кытай тарап кандай талаптарды койгонун ачык айткан жок.

Министр парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Казакстандын IT-тармагы тез өнүгүп жатканын, бирок жергиликтүү адистердин деңгээли Сбер компаниясы сунуштап жаткандай платформаларды түзүүгө жетпей турганын айткан.

Өткөн айда Казакстандын өкмөтү менен орусиялык Сбер компаниялар тобунун ортосунда кол коюлган меморандумдун тексти жарыяланган. Ага ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн Казакстандын "Улуттук маалыматтык технологиялар" холдинги менен Сбербанктын ортосунда казак өкмөтүнүн кепилдиги менен 500 миллион доллар өлчөмүндө насыя алуу тууралуу келишим түзүлөт.

Меморандумга кол коюлушу казак коомчулугунда түрдүү пикирлерди жараткан. Социалдык түйүн колдонуучулары, анын ичинде белгилүү IT-адистер бул өлкөнүн эгемендигине коркунуч жаратарын белгилеп, эмнеге платформаны иштеп чыгуу ата мекендик же батыш компанияларына тапшырылбаганына кызыгышкан.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG