Ссылки доступа

Ооганстандагы жапырт ачкачылык: "Биз кызыбызды сатууга аргасыз болдук"


Быйыл кышкысын 23 миллиондой ооган тамак-аштын тартыштыгынан жапа чегиши мүмкүн. БУУнун Азык-түлүк программасы менен Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун 25-октябрда биргелешкен билдирүүсүндө ансыз да туруксуз өлкө дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистин кырында турганын эскертти.

"Биз жардам бербесек, миллиондогон ооган миграцияны же ачкадан өлүүнү тандоого аргасыз болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Анда белгиленгендей, кышкы каатчылыкка бир чети кургакчылыктын кесепети, куралдуу жаңжал, коронавирус пандемиясы, "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан берки экономикалык олку-солку абал алып келиши ыктымал.

"Би-Би-Си" кабарчылары Герат шаарында башка балдарын тоюндуруу үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайын сатууга аргасыз болгон көп балалуу үй-бүлө жөнүндө материал жарыялады.

" Үйдө же ун, же май жок. Биз муну жасоого аргасыз болдук", - деген үй-бүлөнүн кожоюну.

Маалыматка караганда, кызды 500 долларга сатышкан. Бул каражатка үй-бүлө бир нече айга жашайт. Жаңы төрөлгөн ымыркай баса баштаганда аны "аларманга" өткөрүп беришет. Ал кызды кийин уулуна алып берерин айткан. Бирок бул чын экенине кепилдик жок.

Ооганстан ансыз да 20 жылдан бери тынчыбай жаткан уруштан жабыркап келатат. Талибдер бийликти алгандан кийин мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын көбү гуманитардык жардамды токтотуп коюшкан.

12-октябрда Евробиримдик гуманитардык кризисти алдын алуу үчүн бир миллиард еврого тете каражат бөлөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG