Ссылки доступа

Тамакка уулангандар 179га жетти, баарынын абалы туруктуу


Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага түшкөндөрдүн баарынын абалы 26-октябрга карата туруктуу деп бааланып жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 26-октябрдын саат 11:00нө карата эки күндөн бери медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179га жетти, алардын 18и балдар.

50 бейтап ооруканада жатат, калгандары үйүнөн дарыланууда.

Уулангандар 23-октябрда "Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени аныкталды. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG