Ссылки доступа

Орусия Европа сотунда утуп чыккан тажик тектүү Бахтиёр Усмоновду Душанбеге депортациялады


Бахтиер Усмонов
Бахтиер Усмонов

Орусияга каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна даттанып, утуп алган тажик тектүү Бахтиёр Усмонов Душанбеге депортацияланды.

Орусиянын бийлиги Усмоновду жарандык алууда "жалган маалымат берип", "компетенттүү органдарды адаштырууга аракет кылган" деп айыптаган. Ал 2018-жылы кармалып, 2020-жылга чейин мигранттарды убактылуу кармоочу жайда жашаган. 2020-жылдын аягында Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияны Бахтиёр Усмоновдун жарандыгын калыбына келтирүүгө жана ага 11 миң евро өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Европа соту иним Орусияда эч кандай өкүмү жок эле эки жыл камакта негизсиз отурганын далилдеген. Бирок орус бийлиги 23-октябрда аны Новгород облусунан Душанбеге депртациялады", - деди Усмоновдун агасы Абдугани Бехнаев.

Орусиянын бийлиги бул чечим боюнча комментарий бере элек. Өлкөнүн расмий органдарынан бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

"Орусия Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечими туура эмес экенин далилдей алган жок, жөн гана Бахтиёрду депортация кылып койду. Муну менен орус бийлиги жоопкерчиликтен качты. Бирок бул иште чекит коюла элек. Биз бул маселени Европа сотунда кайра көтөрөбүз", — деди Европадагы мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенген активист Фарход Одинаев.

Орусиянын укук коргоо органдары Усмоновду орус жарандыгын мыйзамсыз алган деп айыптап, аны жарандыгынан ажыраткан. Бийлик жарандык алууда ал бардык жакын туугандары, анын ичинде агасы менен карындашы тууралуу маалыматтарды көрсөтпөгөнүн билдирген.

Бахтиёр Усмонов 2020-жылы "Озоди" радиосуна жарандык алуу тууралуу арызды Миграциялык кызматтын өкүлүнөн консультация алгандан кийин толтурганын айткан.

Бахтиёр Усмонов Орусияга 2007-жылы көчүп кетип, бул өлкөнүн жарандыгын алган. Сот чечимине ылайык, ал Орусияга кайтып бара албайт, бирок анын жубайы менен балдары Новгород облусунда калышты.

XS
SM
MD
LG