Ссылки доступа

АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстандагы шайлоо тууралуу билдирүүсүн жарыялады


АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстанда жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча билдирүүсүн жарыялады.

Анда Кошмо Штаттар "Өзбекстан калкынын шайлоодо добуш берүү укугун колдонгонун колдой турганы" жазылган.

Мамдепартамент жалпысынан Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясы жарыялаган билдирүү менен макул экенин билдирип, ошол эле маалда айрым маселелер боюнча ЕККУнун “тынчсызданууларын да” колдой турганын белгилеген.

Мамдепартамент мындан тышкары өзбек өкмөтүнүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы менен кызматташып жатканын кубаттап, Ташкентти шайлоолорго, жарандык жана саясий укуктарды коргоого байланышкан ЕККУнун сунуштарын ишке ашырууга чакырды.

Президенттик шайлоонун алдында Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу 2019-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча 32 сунуш бергенин билдирген. Анын айтымында, Өзбекстан анын 18ин толук жана үчөөнү жарым-жартылай ишке ашырса, дагы 8 сунуш учурда каралууда.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG