Ссылки доступа

Өзбекстанда ЗАГС боюнча электрондук архивде ката маалыматтар көп болууда


Өзбекстанда Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү интерактивдүү порталында ЗАГС боюнча архивдик маалыматтардын так эместигине даттангандар көбөйүүдө.

Potrebitel.uz Telegram-каналы көптөгөн колдонуучулар порталдагы маалыматка ылайык, “кошумча балдары пайда болгонун”, “балдары жоголуп кеткенин” белгилешкенин жазды. Мындан тышкары көп жыл мурун өлгөн аялы же күйөөсү, ата-энелери “тирүү” чыгууда.

Маселен, порталдагы маалыматтардын биринде бир аялдын эки күйөөсү бар экени, Александр аттуу киши “күйөөгө чыкканы” жана “эки кыз төрөгөнү” белгиленген.

Мындай дооматтардан кийин Өзбекстандын Мамлекеттик кызмат көрсөтүү агенттиги абалга түшүндүрмө берүүгө аракет жасады.

Агенттиктин маалыматына караганда, бирдиктүү электрондук базада ЗАГС органдарынын 60 миллиондой архивдик маалыматы бар. Санариптештирүү жараяны аягына чыга электигине байланыштуу системада так эмес маалыматтар пайда болууда. Адистер алешемдиктерди жоюунун үстүндө иштеп жатышат.

XS
SM
MD
LG