Анын айтымында, Алматы шаардык полиция департаменти активисттин үстүнөн 18-сентябрда Абай эстелиги алдында өткөн митингге байланыштуу “Бийлик өкүлүн кордоо” беренеси боюнча иш козгогон.
– 18-сентябрь күнү өткөн митингде атайын бөлүк активист Абзал Достияровду кармаган. Мени жерге жыгышкан. Анан мен аларга: “Бул аракетти жасап жаткан полиция кызматкерлери мекенине дачыккынчылык жасайт. Эртең Казакстанда Кытай экспансиясы башталса, булар Кытайга да кызмат кыла турган саткындар” дедим. Мына, ошол сөздөр үчүн мага 17-октябрда иш козголду. Филологиялык экспертизаны эбак жүргүзүп коюшкан, – деди Жанболат Мамай.
Ал айткан сөздөрүнөн баш тартпай турганын белгилеп, окуяны “саясий кысым” иретинде баалады.
– Биз 18-сентябрда башаламандык уюштуруп, терс аракеттерди жасайлы деп чыккан жокпуз. Биз улуттук кызыкчылыктарды коргоп чыктык. Эгемендигибизди коргоп чыктык. (Диссидент, акын) Арон Атабекти бошотууну талап кылдык. “Сбербанк” менен жасалып жаткан келишимге каршы чыктык. Колумда мегафондон башка эч нерсе болгон эмес. Полиция бизге күч колдонду, – деди Жанболат Мамай.
Алматы полиция департаменти бул иш боюнча комментарий берген жок.