Ссылки доступа

Орусияда жүздөгөн соттолуучу абакта кыйноого кабылганын билдирди


Саратов облусундагы Энгельс шаарындагы №13 түзөтүү колониясында 185 соттолуучу кыйноо колдонулуп жатканына даттанды. Алар мекемеге укук коргоочулар кирип чыккандан кийин сабалган.

Бул тууралуу "Интерфакс" аймактык коомдук байкоочу комиссиянын төрагасы Денис Соболевго шилтеме берүү менен билдирди.

182 соттолуучу өз катында колониянын ичинде сабалганын, дагы үчөө курак учук ооруканасында кыйноо көргөнүн жазган.

Буга чейин №13 түзөтүү колониясындагы жана облустук курак учук ооруканасындагы 400дөй соттолуучу зордук-зомбулук, ур-токмок жана опузалап акча талап кылууга кабылганын билдирген. 20-октябрда абактын аймагында соттолуучулар мушташкан. Тергөө комитети “мекеме администрациясына жардам көрсөткөнү үчүн өч алуу максатында” сегиз соттолуучу башка он соттолуучуну сабап таштаганын маалымдаган. Мушташты токтотууга аракет жасашкан делген колониянын эки кызматкери жабыркаган. Үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин чет өлкөдөгү Gulagu.net укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин Саратов түрмөлөрүндө кыйноого алынып, кордолгондор тартылган "жашыруун" видеоархив колуна тийгенин билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары зордук-зомбулук чагылдырган видео тасманын бир бөлүгүн жарыялаган.

Орусиянын Тергөө комитети интернетке чыккан Саратовдогу түрмөдө отургандарга жасалган зордук-зомбулук фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул үрөй учурган видео интернетке чыккан соң Жаза аткаруу федералдык кызматынын Саратов облустук башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги Алексей Федотов кызматынан кеткени белгилүү болгон.

Кийинчерээк Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен Ички иштер министрлиги Gulagu.net долбооруна түрмөдөгү кыйноолор боюнча маалымат берген Сергей Савельевге издөө жарыялаган. Программист кызматтык сыр камтылган маалыматтарды ачыкка чыгарууга айыпталууда. Азыр Савельев Францияда, ага саясий башпаанек берүү маселеси каралууда.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG