Ссылки доступа

Амстердам соту скифтердин алтындарын Украинага өткөрүп берүү токтомун чыгарды


Амстердамда апелляциялык сот Крым музейлериндеги скифтердин алтынын Украинага кайтаруу токтомун чыгарды. Музей өкүлдөрү алтынды аннексияланган Крымга өткөрүп берүүнү сурашкан.

Нидерландыдагы “Крым – Кара деңиздин алтыны жана сырлары” көргөзмөсүндөгү экспонаттардын айланасындагы чыр 2014-жылдан бери уланууда. Украин өкмөтү экспонаттарды маданият министрлигинин карамагына өткөргөн жана аларды Украинага кайтарып берүүнү талап кылган.

Крым музейлери болсо көргөзмө өткөрүү келишимине ылайык, алтын аннексияланган жарым аралдын аймагына кайтарылышы керек экенин билдиришкен.

2016-жылы Амстердамдын Аймактык соту Орусия Крымды аннексиялаганга чейин жергиликтүү музейдин колуна өткөн коллекция Украинага таандык деген токтом чыгарган. Бул чечимге карата жазылган доо арызды кароо беш жылга созулду.

Соттун токтомунда “Мамлекеттин маданий кызыкчылыктары музейлердин кызыкчылыгынан артык” экени айтылган.

Крымдын башчысы Сергей Аксёнов бул чечимди рейдердик басып алуу деп атады.

Ал “Телеграм” каналына: “Скифтердин алтындары крым жеринде табылган, ал ошол жерде жүздөгөн жылдар бою жаткан жана Крымдын маданий мурасы, крымдыктардын сыймыгы болуп эсептелет” , – деп жазды.

Украина президенти Владимир Зеленский “Твиттерде” чечимге канааттанганын билдирди.

“Биз өзүбүздүкүн дайыма кайра кайтарабыз. “Скиф алтындарын” кайтардык, “Крымды” да кайтарабыз”, - деди ал.

Соттун чечимин даттанууга болот. Ал мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенге чейин алтын Нидерландыда сакталат.

XS
SM
MD
LG