Ссылки доступа

УКМК: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 27-октябрдагы билдирүүсүндө, Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары Илич Марсбек уулу жана мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалганы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо материалдык пайда алуу максатында өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алып жасалма тоскоолдуктарды жараткан кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга министрдин орун басарларынын тиешеси бар экендиги белгилүү болгон. Алар 26-октябрында кармалып УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш уланып жатканын кошумчалады.

Кыргызстан ЕАЭБге жаңы мүчө болуп кирген жылы бийлик "өлкө өз товарларын 200 млн. керектөөчүсү бар базарга сата алат" деп ишендирүүгө аракеттенген жайы бар. Бирок андан бери беш жыл өтсө дагы дыйкандар анын жемишин көрө элек экенин айтып келүүдө. Орусияга товар ташыган ишкерлер чек араларда фитосанитардык текшерүүлөрдө улам жаңы эреже киргизилип, кошумча кагаздар талап кылынып, айрым учурда ачык эле паракорлук менен коштолорун белгилеп келишкен.

XS
SM
MD
LG