Өз булактын маалыматына караганда, окуя өткөн жумада болгон. Энергосатуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Туйчиевге буга чейин иштен алган кызматкер келип кол салган.
"Ал тескөөчү жумуштан алынгандан кийин Туйчиевдин иш бөлмөсүнө кирген. Ортодо пикир келишпестик жаралып, ал бөлүм башчыны бычак менен төшкө сайган. Туйчиев дароо ооруканага жеткирилди", - деди булак.
Матчин райондук ооруканасынын дарыгерлери Туйчиевдин абалы канаттандыраарлык экенин, жакынкы күндөрү ал үйүнө чыгарыла турганын билдиришти.
Согди облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча комментарий бере элек. Азырынча Туйчиевге кол салган адамдын кармалган-кармалбаганы да белгисиз.
Ал ортодо Тажикстандын аймактарындагы жашоочулар күн сайын "Озоди" радиосуна кайрылып, электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанууда. Алардын айтымында, жарык эртең мененки сегизден кечки бешке чейин жок болууда.
Өз кезегинде мамлекеттик "Барки точик" энергохолдингинин өкүлдөрү өлкөдө эч кандай энерголимит жок экенин айтып, жарыктын өчүрүлүшүн оңдоо иштери менен түшүндүрүп келишет.