Ссылки доступа

Стамбулда ачкачылык жарыялаган түркмөн активисти эркиндикке чыкты


2020-жылдын май айынан бери чет өлкөлөрдө жашаган түркмөн жарандары президент Гурбангулы Бердымухаммедовго каршы акцияларды өткөрүп келишет
2020-жылдын май айынан бери чет өлкөлөрдө жашаган түркмөн жарандары президент Гурбангулы Бердымухаммедовго каршы акцияларды өткөрүп келишет

Түркияда 18-октябрда кармалган түркмөн активисти Ахмет Рахманов депортациялык борбордон чыкты. Бул тууралуу "Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму кабарлады.

Буга чейин HRW Түркиянын миграциялык бийлигин түркмөнстандык үч активистти күчтөп мекенине жөнөтпөөгө чакырып, аларга адвокат берилип, эркиндикке чыгарылышы керектигин билдирген.

Түрк бийлиги 18-22-октябрь күндөрү түркмөнстандык үч активистти - Ахмет Рахмановду, Камиль Абуловду жана Байрам Аллалыевди кармап, Стамбулдагы депортациялык борборго киргизген. Алардын ичинен Рахманов Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун "коомчулукка каршы саясатына" нааразылык катары 22-октябрда ачкачылык жарыялаган.

HRW эми түрк бийлигин депортациялык борбордо калган дагы эки түркмөн активистин бошотууга чакырууда.

"Түрк бийлиги калган эки активистти Түркмөнстанга депортация кылуу планынан баш тартышы керек", - деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

"Активисттер Түркмөнстанга депортацияланса, катаал мамилеге туш болуп, кыйноого алынып же дайынсыз жоголуп кетиши мүмкүн. Түркия эл аралык милдеттенмелерин аткарып, аларды катаал мамилеге кабылышы мүмкүн болгон жерге жөнөтпөшү керек", — деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рэйчел Денбер.

Былтыр май айынан бери Түркияда, АКШда жана Түндүк Кипрде жашаган түркмөн жарандары авторитардык президент Гурбангулы Бердымухамедовго каршы бир нече акцияларды өткөрүшкөн.

Акыркы кездери Түркиядагы түркмөн активисттерине кол салган учурлар көп каттала баштады. Эл аралык укук коргоо уюмдары өлкөдө адам укуктары одоно бузулуп жатканы үчүн түркмөн өкмөтүн дайыма сындап келишет.

XS
SM
MD
LG