Бул акцияны Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн демилгелеп, ага Бириккен Араб Эмираттары колдоо көрсөтүп жатат. Операцияны жергиликтүү, ошондой эле дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген 30 адис жасайт.
Бүгүнкү күндө алар Душанбедеги “Истиклол” ооруканасында 40тан ашык жабык жана 25 ачык операция жасап, ондогон баланын өмүрүн сактап калышты.
Баласына бекер операция жасатууну каалагандар жашаган жеринен маалымкат алып келип, сөзсүз түрдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесинде болушу шарт. Алар үчүн текшерүү, анализ, палатадагы орундар, дары-дармектер жана тамак-аш бекер болот.
Тажикстанда мындай акциялар 2017-жылдан бери жылына бир нече жолудан өткөрүлүп келет. Быйыл жайында бул акциянын алкагында жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган отуздан ашык балага операция жасалган. Жалпысынан беш жылдын ичинде өлкө боюнча тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган 560 балага операция жасалган.
Бул жолку акция 2-ноябрда чейин созулат. Бул аралыкта 100-110 операция жасоо пландалууда.