Ссылки доступа

Түркмөнстанда бийлик узун кезекти жашыруу үчүн нанды таң кылая электе сатууну буйруду


Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын бийлиги мамлекеттик дүкөндөрдө узун кезектер көрүнбөш үчүн нанды таң жаңы атып келатканда сатууну буйруду. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, мамлекеттик дүкөндөрдө нандын баасы базардагыга караганда он эсе арзан. Ун жана азык-түлүк жетишсиз болуп жаткан маалда мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында узун кезекте тургандар адатта көп.

Редакцияга түшкөн видеодо нанга кезекте жүздөгөн адам, анын ичинде балдар турганын көрүүгө болот. Нан дүкөнгө таңкы беште түшөт.

Жазында "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, аймак жетекчилери президент Гурбангулы Бердымухамедовдун беделине доо кетирбеш үчүн дүкөндөрдүн алдына кезекке турууга тыюу салган.

Түркмөнстан соңку жылдары терең экономикалык кризистен чыгалбай келет. Бийлик муну четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG