Ссылки доступа

Тажикстанда ирандык "Кафолатбанктын" иши токтотулду


Тажикстандын Улуттук банкы иран капиталы менен түзүлгөн «Кафолатбанктын» лицензиясын алып койду.

«Кафолатбанк» - Тажикстанда акыркы жарым жылда лицензиясы алынган экинчи банк. Быйыл жайында Улуттук банк «Пакистандын Тажикстандагы Энчилеш банкы» каржы мекемесинин да уруксат кагазын жокко чыгарган.

Тажикстандын Улуттук банкынын маалымат катчысы Мавжуда Хасанова буга чейин ирандык насыя уюмуна эскертүү берилгенин билдирди.

«Тажикстандын Улуттук банкы «Кафолатбанкка» нормативдик-укуктук талаптарды жана Улуттук банктын стандарттарын сактабаганы үчүн эскертүү берен. Акыры аягы лицензиясын алып коюу жөнүндө чечим кабыл алды», - деди Мавжуда Хасанова.

Улуттук банктын сайтында ликвидатор дайындалганга чейин «Кафолатбанк» аркылуу кандайдыр бир банктык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынганы белгиленген. Быйыл «Кафолатбанкка» талаптар аткарылбаганы үчүн айып пул салынган.

2014-жылы АКШ иран өзөктүк программасын өнүктүрүүгө катышканы же Иранга буга чейин киргизилген санкциялардын буйтап өтүшүнө көмөктөшкөнү үчүн «Кафолатбанкты» банктардын санкциялык тизмесине киргизген. Банктын негизги акциялары ирандык «Sarmayeh» банкына таандык. Ал 2012-жылдан бери АКШнын санкциялык тизмесинде.

XS
SM
MD
LG