Ссылки доступа

Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын уулуна чыккан актоо өкүмү жокко чыгарылды


Москва шаардык соту Дагестан өкмөтүнүн мурдагы төрагасы Мухтар Межидовдун уулуна чыккан актоо өкүмүн жокко чыгарды. Ал 2018-жылы жазында казакстандык Томирис Байсафаны өлтүрүүгө айыпталган.

Орусиялык басылмалар соттолуучунун адвокатына шилтеме берүү менен 21 жаштагы студент Томирис Байсафанын өлүмү боюнча иш кайра караларын жазышты.

Межидовго чыккан актоо өкүмүн жокко чыгарууну жабырлануучу тарап жана прокурорлор талап кылышкан. Москва шаардык соту соттолуучунун баш коргоо чарасы жөнүндөгү маселени караган эмес.

Июнда Москвада сот арачыларынын көпчүлүк добушу менен Дагестан өкмөтүнүн мурдагы башчысынын уулу Муртузали Межидов акталган. Ошондой эле анын реаблитацияга укукгу бар экени белгиленген.

Өткөн айда Томирис Байсафанын апасынын адвокаты айыпталуучуну Казакстанда соттоону талап кылууга ниеттенип жатканын кабарлаган. Ал бийликтен жана коомчулуктан жардам сураган.

МГИМОнун студенти, 21 жаштагы Томирис Байсафа 2018-жылы жогорку окуу жайдын имаратынын төртүнчү кабатынын терезесинен кулап, 3-май күнү ооруканада көз жумган. Бул факты боюнча "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорку окуу жайдын жетекчилиги муну кокустук деп атаган. Бирок университетте окуган студенттердин бири маркумду кимдир бирөө терезеден түртүп жибергенин, анын алдында кыз сабалганын айткан.

Муртузали Межидов маркум кыздын курсташы болгон, айрым маалыматтарга караганда, алар сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал – Дагестан өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мухтар Межидовдун уулу. Муртузали 29-июлда гана кармалып, эртеси камакка алынган.

XS
SM
MD
LG