Ссылки доступа

18 өлкө Орусияны эркин басылмаларга карата куугунтукту токтотууга чакырды


ЖМКлардын эркиндиги үчүн коалициясына мүчө 18 мамлекет Орусиядагы басылмалардын эркиндигин колдоо тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу 28-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыяланган маалыматта айтылат.

Коалициянын курамына АКШдан тышкары Улуу Британия, Украина, Австралия, Канада, Чехия, Дания, Франция, Германия, Грекия, Исландия, Латвия, Литва, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Түндүк Македония, Словакия жана Словения кирет.

Билдирүүнүн авторлору "орус бийлиги өлкөдөгү көз карандысыз журналисттер менен басылмаларга карата куугунтукту күчөткөнүнө байланыштуу терең тынчсызданууларын" билдиришкен. Анда "сөз эркиндиги ачык жана эркин коомдун натыйжалуу иштеши жана адам укуктарын, алардын негизги эркиндиктерин коргоо үчүн өтө маанилүү" экени белгиленген.

Акыркы кездери Орусиянын бийлиги "чет элдик агент" деп аталган мыйзамды колдонуу менен көз карандысыз маалымат каражаттарына, жарандык коом өкүлдөрүнө, укук коргоочуларга жана башка адамдарга карата репрессияны күчөтүп жатат деп айыпталып келет.

Коалициянын билдирүүсүндө мисал катары студенттик DOXA журналынын, "Проект" жаңылыктар сайтынын, Bellingcat басылмасынын жана "Дождь" телеканалынын "ылайыксыз чет өлкөлүк уюм" деп таанылышы, ошондой эле "Медуза", "Важные истории", VTimes, The Insider, Mediazona, "ОВД-Инфо", Medium Orient сыяктуу көптөгөн басылмалардын "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизилиши көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары билдирүүдө "Свобода" радиосуна карата жасалып жаткан куугунтук өзүнчө белгиленген. Орус өкмөтү "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече орус тилдүү долбоорун "чет элдик агент" деп тапкан. Кремль аларды 600дөн ашык жолу мыйзам бузууга айыптап, 4,4 миллион доллардан ашык айып пул салган. Бийлик март айында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун апелляциясын четке кагып, май айында басылманын Москвадагы бюросунун банк эсептерин камакка алган.

Мындан тышкары Орусия оккупациялаган Крым жарым аралында "Свобода" радиосунун журналисти Владислав Есипенко камакка алынган. Ал ойдон чыгарылган айыптоолор менен 18 жылга камалышы мүмкүн.

Билдирүүнүн авторлору Орусияда көз карандысыз журналисттер менен басылмалардын куугунтукка алынып жатканын айыптап, Кремлди "адам укуктарын сактоо тармагындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоого, ошондой эле ЖМК эркиндигин жана журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга" чакырышты.

XS
SM
MD
LG