Ссылки доступа

Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронту АКШда өз өкүлчүлүгүн каттоодон өткөрдү


Кенже Ахмад Масуд жетектеген Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронту АКШда өз өкүлчүлүгүн каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу 28-октябрда фронттун тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Али Майсам Назари билдирди.

Анын айтымында, АКШдагы өкүлчүлүк – Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун чет өлкөдөгү алгачкы миссиясы.

Али Майсам Назари фронт мындан ары расмий түрдө лоббистик ишмердүүлүк жүгүзүп, америкалык саясатчыларды ооган оппозициясына жардам берүүгө ынандыруунун үстүнөн иштейт. Ал АКШ аскердик-саясий уюмдардын каттоого алынышына өтө сейрек уруксат берерин белгилеген.

Улуттук каршылык көрсөтүү фронтун каттоо документинде өкүлчүлүк Конгресс, администрация жана америкалык калк менен бирге активдүү байланышуу аркылуу Ооганстандагы эркиндикти жана демократияны колдоо аракетин көрө турганы жазылган. Фронт акыркы 20 жылда Ооганстанга көрсөтүлгөн америкалык инвестицияны коргоого жана өлкөнү терроризмден арылтууга умтулат.

15-августта "Талибан" кыймылы Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган эле. Августтун этегинде Вашингтон америкалык аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын билдирген. "Талибанга" каршы Панжшер провинциясында Улуттук каршылык көрсөтүү фронту түзүлгөн. Аны белгилүү тажик тектүү талаа командири Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Сентябрдын башында талибдер Панжшер өрөөнүн каратып алганын билдирген. Фронттун мүчөлөрү тоолуу капчыгайлардан орун алып, маал-маалы менен талибдерге каршы күрөшүп жатканы тууралуу маалыматтар пайда болууда.

XS
SM
MD
LG