Ссылки доступа

G20 саммити дүйнөлүк корпорацияларга салык салуу тууралуу макулдашууну жактырды


Брюсселде өткөн климат үчүн жүрүш. 10-октябрь 2021-жыл

"Чоң жыйырмага" (G20) кирген өлкөлөрдүн лидерлери ири корпорацияларга кирешесинен 15% кем эмес салык салуу тууралуу эл аралык макулдашууну жактырышты.

"Би-Би-Си" радиосу белгилегендей, мындай жол менен "Чоң жыйырма" өлкөлөрү трансулуттук компанияларды кирешесин офшорлорго жашыртпастан, көбүрөөк салык төлөтүүгө жетишүүгө ниеттенип жатышат.

Алгачкылардан болуп АКШ сунуштаган бул жаңы салык 2023-жылга карата күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен кол коюлган келишимди дүйнө экономикасы үчүн тарыхый деп атады. "АКШдагы ири компаниялар көбүрөөк салык төлөөгө аргасыз болгонуна карабастан, жалпысынан америкалык ишканалар менен катардагы жумушчулар утушка ээ болушат", — деди ал.

Бүгүнкү күндө "Чоң жыйырма" өлкөлөрүнүн ички дүң өнүмү жалпы дүйнөнүн ички дүң өнүмүнүн 80% жакынын түзөт.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG