Ссылки доступа

Душанбеде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топтору жолугушту


Кыргызстандын Министрлер кабинети жолугушуу 25-30-октябрь күндөрү "достук жана аз ара түшүнүшүү маанайында" өткөнүн кабарлады. Кезектеги жыйын эми Кыргызстанда болот жана анын датасы азырынча белгисиз.

Эки өлкөнүн топографиялык топтору буга чейин 5-9-октябрда Баткендин Исфана шаарында жолугушкан жана анда эки тараптуу протоколго кол коюлганы маалымдалган.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу негизги көйгөйлөрдү атаган жана расмий Душанбенин Баткен жана Лейлек райондорундагы айрым жерлер тууралуу позициясын Бишкек эч качан кабыл албай турганын билдирген. Анда Тажикстандын Мургаб району тууралуу да айтып өткөн.

Тажикстандын демократиялык партиясынын (ТДП) лидери Саиджафар Усмонзода "Азаттыктын" тажик кызматына комментарий берип, Жапаровдун сөзүн "чек ара маселесин чечүүдөгү басым" катары баалаган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бирин бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.

XS
SM
MD
LG