Ссылки доступа

Өзбекстанда студент кыздарга сексуалдык жактан асылуу олуттуу көйгөй бойдон калууда


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин студентин зордуктоого аракет жасоо фактысы боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

Студент кызды зордуктоого аракет жасаган декандын орун басарына карата "Зордуктоо" жана "Денеге атайылап зыян келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү 23-октябрда кармалган.

Өзбек басылмалары кабарлагандай, мүнөздөмө жана рецензия алуу үчүн келген 20 жаштагы студент кызды декандын орун басары зордуктоого аракет жасаган, кыз каршылык көрсөткөн соң аны экинчи кабаттын терезесинен түртүп жиберген.

Ооруканага жаткырылган студенттин мээси чайкалып, ийни, жамбашы жана бел омурткаларынын ашташкан жери сынып, травматикалык шок алган.

Бул окуядан кийин Өзбекстан президентинин тун кызы Саида Мирзиёева соцтармактардагы баракчаларына жогорку окуу жайларында студент кыздарга асылуу, ыдык көрсөтүү –"харассмент" олуттуу көйгөй экенин жазды.

Мирзиёева "педагогикалык университеттин студенти кабылган окуя – айсбергдин чети эле" экенин белгилеген.

Ташкент мамлекеттик университетиндеги окуядан кийин Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги "1006" атайын телефонун ишке киргизди. Билдирүүдө ишеним телефонуна сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган студенттер же ага күбө болгондор байланышса боло турганы айтылган.

Өткөн аптада жарыяланган тынчтык жана аялдардын коопсуздугу боюнча дүйнөлүк индексте Өзбекстан 170 өлкөнүн ичинен 74-орунда жайгашкан.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG