Ссылки доступа

Талибдер мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөшүү үчүн Бадахшанда атайын бөлүм түздү (видео)


Талибдер Ооганстандын Тажикстан, Кытай жана Пакистан менен чектешкен Бадахшан провинциясында мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөшүү үчүн аскерлештирилген атайын бөлүм түздү. Бул тууралуу "Азаттыктын" ооган кызматына аталган провинциянын вице-губернатору Носир Ахмад Ахмади билдирди.

"Жаңы аскерлештирилген бөлүм аймактагы коопсуздукту сактоо жана мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөшүү үчүн түзүлдү", — деди ал.

Ахмад Ахмади ооган-тажик чек арасы аркылуу мыйзамсыз маңзат сатылып жаткан учурлар болуп жатканын кошумчалады. "Биздин жалпы чек арабыз аркылуу маңзат аткезчилиги улантып жатканын жокко чыгара албайм", — деди ал.

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү да ооган маңзаты мурдагыдай эле Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу дүйнөнүн башка мамлекеттерине өтүп жатканын ырасташты.

Буга чейин БУУнун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы акыркы 20 жылдан бери маңзат "Талибан" өңдүү куралдуу топтордун баалуу таштардын аткезчилигинен кийинки эле Бадахшан провинциясындагы экинчи киреше булагы болуп келерин билдирген.

Мурдараак Ооганстандагы убактылуу өкмөттүн расмий өкүлү Забиулла Мужахид жаңы бийлик маңзат аткезчилигинин бардык жолдорун жок кылууну пландап жактанын айткан.

Талибдер бийликке келгенге чейин Ооганстанда Мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөшүү кызматы бар болчу жана ал Тажикстандын тиешелүү мекемелери менен жигердүү кызматташып келген. Бүгүнкү күндө Тажикстан менен "Талибандын" ортосунда дипломатиялык мамилелер орногон эмес жана алар баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча кандайдыр бир иштерди жүргүзүп жаткан-жатпаганы белгисиз.

"Азаттыктын" ооган кызматынын маалыматына караганда, акыркы жылдары апийим Бадахшан провинциясындагы жети уездде өстүрүлүп келет.

Что будет с наркотрафиком в Афганистане при «Талибане»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Дүйнөгө жайылып жаткан баңгизаттын көпчүлүк бөлүгү Ооганстанда өндүрүлөт жана бул “Талибандын” негизги киреше булактарынын бири болуп эсептелет. Ошол эле маалда Ооганстандын карпайым жарандарынын көбү үчүн да апийим өстүрүү акча табуунун жалгыз жолу бойдон калып келет. БУУнун маалыматына ылайык, былтыр Ооганстанда апийим өстүрүлгөн аянт 37% көбөйгөн.

АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кете турганын жарыялагандан кийин «Талибан» өкмөттүк күчтөргө чабуулун күчөтүп, 15-августта баш калаа Кабул шаарын өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле күнү Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен. Сентябрда “Талибан” түзгөн өкмөттү дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек.

XS
SM
MD
LG