Ссылки доступа

Семейдеги кош жол кырсыгына жашоочулар акимчиликти күнөөлөп жатышат

Чыгыш Казакстан облусуна караштуу Семей шаарынын жанындагы Восход шаарчасынын тургундары эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Восход шаарчасында 28-октябрь күнү кечке маал мектептен кайтып келе жаткан 9 жаштагы баланы жеңил автоунаа сүзүп кеткен. Арадан 15 мүнөт өткөн соң андан алыс эмес жерде дагы бир кишини автобус коюп кеткен. Ал баланы сүзгөн айдоочунун атасы болгон. Ал уулуна жардам берүү үчүн келе жаткан. Бала да, айдоочунун атасы да ошол жерде кайтыш болгон.

Восход айлынын жашоочулары аварияга акимчилик күнөөлүү экенин билдиришүүдө: кесилиште жарык, жөө жүргүнчүлөр өтмөгү, атүгүл тротуар жок. Акимчилик көйгөйдү чечүүгө убада бергенине үч жыл болду.

– Жарык орноткула деп жүргөнүбүзгө үч жыл болду. Күйөөм айдоочу. Анын айтымында, бала эмес, чоң кишини көрүү кыйын ал жерде. Акимчиликтин кайдыгерлигинен бала өлдү, алар кантип тынч укташат? Дароо жарык коюунун ордуна "жобо жасалып жатат" деп жыл сайын убада беришет, – деп ачууланды шаарчанын тургуну Гүлнар Салахутдинова.

Акимчиликтин өкүлү Амантай Өтелбаев азырынча балдарды коштоп жүрүу зарыл экенин, көйгөйдү дароо чечүү мүмкүн эместигин, каражат жоктугун айтты.

— Бул жолду иликтеп чыгып, сметалык документин жасап, модернизация программасына киргизебиз. Калган көчөлөр боюнча 2022-2023-жылдарга долбоор бар.

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Жеңил автоунаанын айдоочусу убактылуу камакка алынды, автобус айдоочусу боюнча маалымат белгисиз.

XS
SM
MD
LG