Ссылки доступа

Алматыда "сбер-санариптешүүгө" каршы акция өттү (видео)

Каттоодон өтпөгөн “Эл тиреги” партиясынын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана активисттер мамлекеттик кызматтар системасын орусиялык "Сбер" компаниялар тобуна берүү боюнча өкмөттүн планына каршы акция өткөрүштү.

Жыйынга жүзгө чукул адам катышты. Алматы полициясы сырттан байкоо салып турду.

Жыйында сөз сүйлөгөндөр Орусиянын “Сбер” компаниясы менен казак өкмөтүнүн ортосундагы меморандум Казакстандын маалымат коопсуздугуна коркунуч жаратарын эскертишти. Алардын айтымына, бул долбоор ишке аша турган болсо, Казакстан жарандарынын жеке маалыматтары, мамлекеттик органдардын аракеттери тууралуу бардык маалымат, мамлекеттик башкаруунун электрондук системасы коңшу өлкөнүн колуна өтүп кетиши мүмкүн.

Митингге 2020-жылы парламент депутаты мандатынан ажыратылып, “Нур Отан” партиясынан чыгарылган, каттоодон өтпөгөн “Эл тиреги” партиясынын жетекчиси Нуржан Элтаев, “Дат” гезитинин жетекчиси Эрмурат Бапи, журналист Гүлжан Ергалиева да катышты. Алматылык рэпер Жан Ахмаджанов рэп окуду.

Өткөн айда Казакстандын өкмөтү менен орусиялык "Сбер" компаниялар тобунун ортосунда кол коюлган меморандумдун тексти жарыяланган. Ага ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн Казакстандын "Улуттук маалыматтык технологиялар" холдинги менен Сбербанктын ортосунда казак өкмөтүнүн кепилдиги менен 500 миллион доллар өлчөмүндө насыя алуу тууралуу келишим түзүлөт.

Меморандумга кол коюлушу казак коомчулугунда түрдүү пикирлерди жараткан. Социалдык түйүн колдонуучулары, анын ичинде белгилүү IT-адистер бул өлкөнүн эгемендигине коркунуч жаратарын белгилеп, эмнеге платформаны иштеп чыгуу ата мекендик же батыш компанияларына тапшырылбаганына кызыгышкан.

XS
SM
MD
LG