Ссылки доступа

Kun.uz: Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан чек араларында өзбек жарандарынан пара талап кылынат


Өзбекстандын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары коңшу өлкөлөрдүн чек араларында өзбек жарандарынан мыйзамсыз акча алынып жатканын кабарлашты.

Kun.uz басылмасынын жазышынча, эң көп акча сурагандар – тажик чек арачылары. “Ойбек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде чек арачылар 14төн 20 долларга чейин пара талап кылышат.

"Бул үчүн эң жөнөкөй, бирок нервди короткон ыкма колдонулат. Өзбекстандыктарды чек арадан өткөрбөй, бейтарап зонада бир нече саатка күттүрүп коюшат. Күтүүгө чыдабаган адамдар сураган акчаны берип өтөт”, - деп жазды басылма.

Kun.uz Кыргызстандын “Достук” чек арасында мыйзамсыз алынган акынын эң төмөнкү өлчөмү 5 доллар, Казакстандын “Жибек жолу” чек арасында 0,5 доллар экенин жазган.

Басылманын журналисттери өзбек-казак чек арасындагы “Гишткуприк” өткөрмө бекетинде кызматкерлер ПЧР-тестти бар жарандардан да кошумча 10 доллар алып жатканын сындашкан.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG