Ссылки доступа

Тажикстан Башкы прокуратурасы "Мадина иши" боюнча комментарий берди


Азиза Давлятова, Мадина Мамажонова жана Лутфулло Давлятов

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Душанбе тургуну Мадина Мамажонованын ур-токмокко алынышы боюнча комментарий берди. Быйыл августта сабалган жаш келин азыр оор абалда жатат.

Шектүү катары жубайлар –Лутфулло Давлятов менен Азиза Давлятова кармалды. Башкы прокуратуранын 1-ноябрда тараткан маалматына караганда, аларга карата кылмыш иши козголду. Азиза Давлятова “Адам өмүрүнө кол салуу”, Лутфулло Давлятов “Кыйноо” беренелери боюнча айыпталууда. Душанбе акими Рустам Эмомали бул окуяны жеке көзөмөлүнө алды.

Соцтармактардагы маалыматтарга караганда, август айында Азиза Давлятова Мадинаны уурдап кетип, катуу сабаган. Азизанын күйөөсү Мадина менен чогуу иштеген. Ал аны жолдошунан кызгангандан улам ушундай ишке барганы айтылган. Кыйноого күйөөсүнүн канчалык тиешеси бар экени белгисиз.

Жаш келин азыркыга чейин ооруканада жатат. Дарыгерлер анын толук айыгып кетеринен күмөн санашууда. Жабырлануучунун өмүр бою төшөктөн турбай, сүйлөбөй, баласына кам көрө албай калуу калуу коркунучу бар.

Буга чейин жарандык активисттер шектүү Азиза Давлятовага карата кылмыш иши козголбогонуна нааразылык билдиришкен. “Озодинин” өз булактары кабарлагандай, шектүүлөр таасирдүү үй-бүлөдөн.

Видео

Видео

Нарын: карды жөө таптап, лыжа тепкен окуучулар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
XS
SM
MD
LG