Ссылки доступа

Facebook Нур-Султанга контент боюнча ички системаны колдонууга эксклюзивдүү укук бергенин четке какты


Facebook социалдык тармагына ээлик кылган Meta Platforms компаниясы Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин зыяндуу контенттерди кабарлоого мүмкүндүк берген ички системасын колдонууга уруксат алганы жөнүндө билдирүүсүн четке какты.

1-ноябрда Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги "Казакстан бийлиги Facebook социалдык тармагынын ички системасына кирип, өзү "зыяндуу" деп тапкан контентти кабарлоого эксклюзивдүү мүмкүндүк алганын" маалымдаган.

Reuters агенттигине жиберген жазуу түрүндөгү жообунда Meta Platforms компаниясынын Азия-Тынч океан аймагы боюнча коммуникация бөлүмүнүн директору Бен МакКонахи казак өкмөтү менен орток маалымат таратканын четке какты.

"Биринчиден, биз казак өкмөтү менен биргелешкен маалымат чыгарган жокпуз. Жергиликтүү мыйзамдарды буза турган контенттерге тыюу салуу тууралуу өтүнүчтөрдү карап чыгуу боюнча глобалдык процесстер жөнүндө айтып бергенден кийинки талкууларга таянуу менен казак өкмөтү өз билдирүүсүн жасады" деп билдирди Бен МакКонахи.

Компания өкулүнүн айтымында, зыяндуу контенттерге реакция жасоого Казакстан гана эмес, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр укуктуу.

Сентябрь айынын ортосунда казак парламентинин төмөнкү палатасы (Мажлис) өлкө ичинде жергиликтүү кеңселерин ачпаган чет өлкөлүк социалдык түйүндөргө бөгөт коё турган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Казакстан бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө Facebook колдонуучулардын саны 3,2 миллионго жетет. Meta Platforms компаниясынын башка платформаларын — Instagram WhatsApp'ты колдонгондор мындан да көп.

XS
SM
MD
LG