Бул тууралуу 1-ноябрда Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматынын төрагасы Дмитрий Шугаев РБК басылмасына билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары Өзбекстанга "Орлан-10Э" учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон "Тайфун-К" жеңил автоунаалар жана курал-жарактар сатылды.
Шугаев ушундай эле аскердик техникалар Казакстанга да жеткирилгенин белгиледи. Атайын өкүл Өзбекстан менен Казакстанга сатылган жабдуулардын жалпы баасы жөнүндө маалымат берген жок.
2019-жылы майда Өзбекстан Орусия менен аскердик-техникалык кызматташтыгын бекемдей турганы айтылган. 2019-жылы июнда курал-жарак жеткирүү боюнча Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда 12 жаңы келишим күчүнө кирген.