Атасынын айтымында, анын туугандары да, адвокаты да азыр уулунун кайсыл жерде экенин билишпейт.
Сентябрда Санкт-Петербургдагы тергөө абагынан өзгөчө режимдеги түрмөгө которулушу керек болгон Азимов акыркы жолу жакындарына 14-сентябрда телефон чалган. 29-сентябрда ал Москвадагы "Бутырка" тергөө абагынан буга чейин жазышып жүргөн филолог Елена Эфросго кат жөнөткөн. Андан бери эч ким менен байланышка чыга элек.
Азимовдун жакындары прокуратурага арыз менен кайрылып, текшерүү жүргүзүүнү жана анын кайсыл жерде экенин аныктап берүүнү талап кылышты.
2017-жылы апрелде болгон Санкт-Петербург метросундагы теракттан 16 киши каза болуп, 50 адам жаракат алган. 2019-жылы декабрда сот бул ишке айыпталган Аброр Азимовду өмүр бою, анын бир тууганы Акрам Азимов менен Мухаммадюсуп Эрматовду 28 жылдан эрктеринен ажыраткан. Мындан тышкары дагы тогуз киши 10 жылдан соттолгон.
Сотто айыпталуучулардын баары күнөөлөрүн четке кагышкан. Алардын төртөө — анын ичинде Аброр жана Акрам Азимовдор ФСБнын жашыруун түрмөсүндө кыйноого кабылышканын айтышкан.