Ссылки доступа

Казакстанда мунай кенинде иш таштаган айдоочулар жумушка кайтышты


Казакстандын Актөбө облусундагы Кеңкияк жана Жаңыжол мунай кендерине транспорттук кызмат көрсөткөн алты компаниянын иш таштаган айдоочулары дүйшөмбү күнү түштөн кийин кайра жумушка чыгышты. Алар 1-ноябрда маяналарынын аздыгына наарызылык билдирип, ишке чыгуудан баш тартышкан.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген айдоочулар иш таштоо токтогонун ырастап, бирок талаптары аткарылбаган бойдон калганын билдиришти. Алардын айтымында, айдоочулар маянаны жогорулатуу талабын эми жыл башында, жаңы эмгек келишими түзүлүп жатканда көтөрмөй болушту.

Дүйшөмбү күнү ишке чыгуудан баш таркан айдоочулардын тобу Кеңкияк кениндеги "СНПС - АТК" компаниясынын алдына чогулушкан. Бул компания кошумча жалдануусу (субподрядчик) катары Western Hope Trade, "АктобеТрансСервис-АТС", Pride Group Aktobe, Aktobe Trans Group, "ИП Шевченко Е. Н." жана "Табын" компаниялары менен келишим түзүп, "СНПС — Актобемунайгазга" транспорттук кызматтарды көрсөтөт.

— Мен ишкананы жетектей баштаган алты жылдан бери жумушчулардын маянасы жогорулаган эмес. Биз азыр айдоочулар менен убактылуу макулдашууга келип, алар ишке чыгышты. Маянага байланышкан маселеси чечилбеген бойдон калганы чын. Жыл аягына чейин эки ай калды. Бул маселеге жаңы жылда, жаңы келишимге кол коюп жатканда кайрылабыз. Азырынча биз "СНПС — АТК" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, — деди Western Hope Trade компаниясынын башчысы Ханзада Искалиев.

XS
SM
MD
LG