Буга чейин өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы кармалгандардын арасында жарандар жыйынынын башчысы, мектеп мугалими, мечит имамынын орун басары, жеке ишкер жана жалданып иштеген адамдар болгонун билдирген. Тинтүү маалында алар жашаган жерден далил катары диний мазмундагы адабияттар табылганы кабарланган.
Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы да атайын кызматтын билдирүүсүн четке кагып, кармалгандардын арасында мечиттин өкүлү болбогонун билдирди.
Ошондой эле мекемеден жалган жана такталбаган маалымат таратуу үчүн жоопкерчилик бар экенин белгилешти.