Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Умаров жыйында 30 мүнөткө жакын отурду. Анда Улуттук олимпиадалык комиттердин башчылары кышкы Олимп оюндарына даярдык көрүү, допингге каршы күрөшүү өңдүү маселелерди талкуулашты.
Буга чейин Отабек Умаров быйыл февралда Ташкентте болгон жол кырсыгынан катуу жабыркап, Москвада, андан соң Түштүк Кореяда дарыланып жатканы кабарланган.
Умаров 24-октябрдагы президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү менен чогу добуш берүүгө келген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий иш-чараларга катыша элек болчу.
Азырынча Умаров Өзбекстан президентинин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары кызматында дале иштеп жаткан-жатпаганы расмий түрдө кабарлана элек.