Ссылки доступа

Тажикстанда жаңы Салык кодекси кабыл алынды (видео)


Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода

Тажикстанда салыктын он түрүнүн үчөө кыскартылды. Бийлик бул Салык кодексине киргизилген жеңилдиктердин бири деп эсептейт. Көптөгөн жылдар бою салык системасы ишкерлер үчүн оордук жаратып жатканы айтылып келген.

Тажикстандагы жумуш берүүчүлөр үчүн жаңымдуу жаңылык – өлкөдө социалдык камсыздоо салыгы жеңилдетилди. Ушул күнгө чейин Тажикстанда жумуш берүүчү ар бир кызматкердин айлыгынан 25 пайызды социалдык салык иретинде бюджетке төлөп келген. Жаңы салыкта бул чен 20 пайыз деп белгиленди.

Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода 3-ноябрда салыктын жаңы кодексин тааныштырып, кошумча нарк салыгы 18ден 15 пайызга чейин төмөндөгөнүн айтты. Министрдин маалыматына караганда, юридикалык жактардын киреше салыгы 23төн 20 пайызга, физикалык жактардыкы 13төн 12 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Парламент депутаттары мыйзам долбоорун анчалык деле талкуулашкан жок. Документ кабыл алынды.

Тажикстандын азыркы Салык кодекси 2013-жылы кабыл алынган. Ага карата сын-пикирлер көп айтылып, дээрлик жыл сайын өзгөртүүлөр киргизилип турган.

World Bank Group иликтөөсүндө 2019-жылы Тажикстан 190 мамлекеттин ичинен салыгы оор он өлкөнүн катарына кирген.

Тажикстанда салыкты төмөндөтүү сунуштары жыл сайын айтылат. Бийлик казынада каражат тартыш экенин билдирип келет. Тажикстан бюджетинин 70 пайызы салыктан куралат.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG