Кылмыш иши токтотулганы жөнүндө маалыматты облустук коррупцияга каршы кызмат 3-ноябрда ырастады. Ведомство буга чейин “субсидияга бөлүнгөн каражатты уурдоо” фактысы боюнча бир нече ишкерди жана Караганды облустук айыл чарба башкармалыгынын чиновниктерин тергеген.
Коррупцияга каршы кызмат бул иште кылмыш курамы жок деп тапкан, буга облустук прокуратура да макул болгон.
- Антикоррупция кызматы менен прокуратура дыйкандар күнөөсүз экенин, субсидияны мыйзамдуу алганыбызды далилдеп чыкканына кубанычтабыз. Нервибиз жукарды. Жайында жайлоого баруунун ордуна Карагандыдан Нур-Султанга чейин келип жүрдүк. Маселени чечебиз деп жүргөндө чарба зыянга учурады, керектүү тоютту толук дайындай албай калдык, - деди фермерлердин демилгечил тобунун өкүлү Айдос Кулмаганбетов.
Бир нече күн мурун айыл чарба министрлигинде иштеген бир нече аткаминер кармалганы кабарланган. Алар субсидияга бөлүнгөн бюджеттик каражатты уурдоого шектелүүдө.