Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар Түркиядан түркмөн активисттерин куугунтуктабоону сурады


Адам укуктарын коргогон ондогон уюмдар Түркия өкмөтүнөн түркмөн активисттерин куугунтуктабоону сурады.

Түркмөнстан бийлигин ачык сындап, нааразылык акцияларын өткөргөн түркмөн активисттери бир нече айдан бери кысым көрүп келишет. Алардын арасында Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун алдында акция өткөргөндөр да бар.

33 өкмөттүк эмес уюмдун биргелешкен билдирүүсү 2-ноябрда жарыяланды. Алар Түркияда түркмөн мигранттарынын абалы кыйындаганына тынчсызданышууда.

Бул арада алардын Түркмөнстандагы туугандарына да кысым көрсөтүлүүдө. Коопсуздук кызматкерлери активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүнөн алардын жарандык жана саясий жигердүүлүгүнөн баш тартууну талап кылышууда.

"Биз Түркмөнстан өкмөтүнөн кысымды токтотууну талап кылабыз жана Түркия бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарып, өлкөдөгү түркмөн жарандарынын укуктары менен эркиндигин коргоону сурайбыз", деп жазылган укук коргоо уюмдарынын биргелешкен билдирүүсүндө.

11-октябрда соцтармактарда түркмөн бийлигин ачык сындаган Нурмухаммет Аннаев, Азиз Маммедов жана дагы бир жаран Стамбулда белгисиз кишилер тарабынан сабалган. 18-22-октябрь аралыгында түрк бийлиги үч активистти – Ахмет Рахманов, Камил Абулов жана Байрам Аллалыевди Стамбулдагы депортация борборуна киргизген. Кийин алардын экөө эркиндикке чыккан.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG