Ссылки доступа

Баткен: Өзбекстандын чек ара бекети жылган жок


Баткен районунун Кыштут айылынын тургундары Өзбекстан чек ара бекетин айыл четине жылдырып жатканын айтып чыгышты. Алар 4-ноябрда өзбекстандык чек арачылар экскаватор менен жер казып, чек ара бекетин курууга аракет кылып жатканына каршылык билдиришти.

Райондун акими Учкунбек Жоробаеев элдин чогулганын ырастап, бирок Өзбекстандын чек ара бекети курулбай калганын "Азаттыкка" маалымдады.

"Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян айылынын четиндеги такталган чек ара тилкесине Өзбекстандын чек ара бекети курулмак болгон. Алар менен Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы, №2022 чек ара аскер бөлүгүнүн жетекчиси жана "Кадастр" ишканасынын Баткендеги филиалынын башчысы чогуу барып, сүйлөшүү жүргүздү. Жыйынтыгында өзбек чек ара бекети жылбай, ордунда кала турган болду".

Жороевдин маалыматына караганд, чек ара бекети курулмак болгон жер такталган тилке жана Өзбекстанга карайт.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан кийин дагы 10% жакыны такталганын кыргыз өкмөтү быйыл 17-февралда билдирген.

XS
SM
MD
LG