Облустук өзгөчө кырдаалдар департаменти бардыгы болуп 42 кишиге, анын ичинде төрт балага жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.
Департамент жарыялаган видеодо куткаруучулар жолдун көрүнбөй жатканын айтышууда.
Расмий маалыматка караганда, бороонго байланыштуу Каражантак, Саналы, Бөген, Төрткүл айылдарында өрт өчүрүүчүлөр менен коммуналдык мекеме кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү.
“Казгидрометтин” аймактагы бөлүмү Түркстандын кээ бир жерлеринде 5-6-ноябрда да чаңдуу бороон болорун эскерти.
Облустук өзгөчө кыраалдар департаменти жарандарды сак болууга чакырды.