Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшан облусунун башчысы отставкага кетери айтылууда


Ёдгор Файзов
Ёдгор Файзов

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун төрагасы Ёдгор Файзов кызматын тапшырат. Бул тууралуу “Озоди” радиосунун өкмөттөгү өз булактары билдиришти. Файзов өз отставкасы тууралуу маалыматты тасыктаган да, четке каккан да жок.

Едгор Файзов Тоолуу Бадахшан облусунун башчысы болуп 2018-жылы дайындалган. Андан бир ай мурун Рахмон аймакка иш сапар менен барганда жергиликтүү бийликти жана күч түзүмдөрүн уюшкан кылмыш топторуна каршы аракетсиздигин сындаган. Президент тартипти орнотуу үчүн бир айлык убакыт берген. Мындан соң күч жана укук коргоо органдарынын башчыларынын орун басарлары алмаштырылган. Көп узабай автономдуу облустун жетекчиси Шодихони Жамшед кызматтан алынган.

Едгор Файзов Тоолуу Бадахшан облусунун башчысы болуп дайындалганга чейин Тажикстандагы Ага Хан фондунда иштеген.

Ёдгор Файзов 60 жашта. Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчысы бир эле учурда Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасынын орун басары кызматын да аркалайт.

XS
SM
MD
LG