"Европа аймагындагы 53 өлкөдөгү вирустун жайылуу темпи олуттуу камтамачылык жаратууда. COVID-19ду жугузуп алгандардын саны кайрадан рекорддук деңгээлге жакындап баратат. Европада жана Борбор Азияда коронавирустун "Дельта" варианты үстөмдүк кылууну улантууда", - деди 4-ноябрда Ханс Клюге.
Ал мындай жагдайга эмдөөнүн солгун жүрүшү жана коомдук жайларда санитардык эрежелердин сакталбай жатышы себеп болгонун белгиледи.
Соңку апталарда Европанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү Румыния, Украина сыяктуу бир катар мамлекеттерде коронавирусту жугузуп алгандардын саны өсүүдө.
Украинада соңку бир сутка ичинде 27 399 адам коронавирусту жугузуп алды. Бул пандемия башталгандан берки өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.
Орусияда соңку бир сутка ичинде 1195 киши COVID-19дан көз жумду. 2020-жылдын башынан бери өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын бир күндүк саны мынчалык жогору чекке жете элек болчу.